2018-жылы туристтер үчүн кайсы өлкөлөр кооптуу? Билип алыӊыз

18 ноября 2017 17:21 1745 Barometr
Поделиться в:
ok

International SOS медициналык кызмат көрсөтүү компаниянын кызматкерлери туристтер үчүн барууга кооптуу болгон мамлекеттердин тизмесин көрсөктөн атайын картаны иштеп чыгышты.

Компаниянын сайтында жарыяланган дүйнөлүк картада мамлекеттер түрдүү түстөр менен берилген, түс бул ошол өлкөнүн канчалык деӊгээлде коркунучтуу экенине көз каранды. Мисалы өтө коркунучтуу мамлекет кызыл менен белгиленген.

 

 

Барууга аябай эле кооптуу болгон мамлекеттердин тизмесине Сирия, Мали, Ливия,  Түштүк Судан, Йемен, Афганистан жана Сомали кирет.

Ошол эле учурда ишкананын серепчилери туристтер үчүн барууга анча кооптуу болбогон аймактарды дагы көрсөтүп беришкен. Мындай аймактар картада жашыл түс менен көрсөтүлгөн.

Бул тизмеге Финляндия, Исландия менен Норвегия кирет.

Буга чейин кабарлангандай, Латин Америка менен Кариб деӊизинин аймактары россиялык жарандар үчүн визасыз болушу ыктымал.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8851



Добавить комментарий