Андрей Малахов биринчи ирет ата болуп, кубанычы койнуна батпай турган учуру

17 ноября 2017 12:25 3733 Barometr
Поделиться в:
ok

45 жаштагы россиялык белгилүү теле алып баруучу Андрей Малахов биринчи жолу ата статусуна ээ болуп, кубанычы койнуна батпай турган кези. Анын жубайы Наталья Шкулева Андрейге уул төрөп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалымдалгандай, учурда эне жана баланын саламаттыгы жакшы. Ымыркайдын салмагы 4,020 кг, бою 54 см.

Белгилесек, Малахов менен Шкулева 6 жылдан бери никеде турат, бул алардын тун наристеси.

Теле алып баруучу өзү айткандай, ымыркайга азырынча ысым тандаша элек. Бактылуу ата качан балабыздын биринчи жалаягын алмаштырабыз деп күтүп жатышканын айтып бөлүштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8800



Добавить комментарий