Парламентте мөӊгү маселеси каралып жатат

16 ноября 2017 15:31 726 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 16-ноябрда, парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, эми мындан ары өкмөт мөӊгү аймактарында алтын жана башка пайдалуу кендерди казууга жол бербейт деп билдирди.

"Мисалы, «Жерүйдө» деле запастар мөӊгүнүн алдында жатат, бирок биз лицензиялык макулдашуу шартында пункттарга кол койдук. Ага ылайык, алтындын корунун 40%ын гана ачык ыкма менен казууга болот", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 16-ноябрда, парламент эгер кен чыккан жер стратегиялык объекттерге кире турган болсо, мөӊгүлөрдүн эришин тездетүүгө таасирин тийгизе турган ишмердүүлүккө уруксат берүүнү караган Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү ишин карап жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8759



Добавить комментарий