Ырчы Сайкал Садыбакасова турмушка чыкты

14 ноября 2017 16:46 3968 Barometr
Поделиться в:
ok

Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында "Кыз бурак" тобунун аткаруучу директору Сайкал Садыбакасовага кайын журту кыргыздын салты боюнча сөйкө салуу жөрөлгөсүн жасашканы эсиӊиздерде болсо керек.

Ошондон бүгүнкү күнгө дейре эки тарап бир чечимге келип, алдыда боло турган тойго кызуу камданып келишти. Ал эми жаш жубайлардын өкүл ата-апасы болуп Асан Мансуров жана анын жубайы ырчы Самара Каримова шайланган. Ал эми эки жаштын заманбап үлпөт тою бүгүн, 14-ноябрда Ош шаарында өтөөрү маалым болгон эле. Анда эмесе бүгүн боло турчу үлпөт тойдун айрым кадрларына көз чаптырсак.

Эскерте кетсек, Сайкал Садыбакасова теле алып баруучу Максат Доврановго турмушка чыгууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content8652



Добавить комментарий