Лунара Мамытова: "Мага сулуулугунан башка эчтекеси жок деп айткандар болгон"

14 ноября 2017 12:27 6629 Barometr
Поделиться в:
ok

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары, экс-депутат жана мурунку теле алып баруучу, диктор Лунара Мамытова кайсы гана кесип болбосун биринчи кезекте акыйкат, калыстык үчүн күрөшө тургандыгын айтат. Ал өзүнүн ой толгоолору, максаттары жөнүндө “ВБга” маек куруп берди.

“Бардык кесипте алгач калыстык үчүн күрөшөр элем”

Силер билесиӊерби, мен кесибим боюнча журналист эмесмин. Мен тарыхчымын, экинчи билимим боюнча юристмин, бирок көрүп турганыӊардай, атамдын жолун улап диктор болуп иштедим. Телевидениеде 9-классымдан бери иштегениме өкүнбөйм. Мен диктор болуп иштедим, учурда министрдин орун басарымын. Буга чейин парламенттин депутаты да болдум. Бирок ким болуп иштебейин дайыма калыстык үчүн күрөшөм. Кайсы бир учурларда укук коргоо органдарында иштөөнү каалагам, бирок жолдошум ал аялдар иштей турган жумуш эмес деп кеӊешин берген. Бирок менден күчтүү юрист, прокурор же судья чыкмак.

«Азыр мен көп деле кыялданбай калгам. Менин максаттарым бар, аларга жетүү керек”

Студент кезимде кыялданчумун. Анда Нобель сыйлыгынын лауреаты болгум келчү. Азыр мен калыстык, элдин бактылуу турмушу тууралуу кыялданам жана өзүм дагы бул жаатта күрөшүп келем. Анткени учурда коомдо көптөгөн акыйкатсыз нерселер толуп кетти.

“Лидер болуу үчүн чыныгы талант керек”

Азыркы тапта Ли Куан Юнун китептерин окуп жатам. Бул белгилүү сингапурдук реформатор. Ал чыныгы таланттуу адам гана мыкты жетекчи боло алат деп жазат.

«Силер билесиӊерби, менин азыркы жумушум мени кайдыгер карабоого үйрөттү»

Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кыйын кырдаалдагы үй-бүлөлөр, кедей жана аз камсыз болгон аялдар, улгайган жана ишсиз адамдар, башкача айтканда коомдун аялуу катмары менен иштешебиз. Жумушум мени мурдагыдан дагы ырайымдуу болууга үйрөттү.

“Бардыгын кылса болот, бирок башкысы – балдарыӊды таштабашыӊ керек”

Балдарын карабай таштап кеткен аялдарды сынабайм. Демек буга түрдүү себептер бар, аларды түшүнүү үчүн алардын ордунда болуп көрүш керек. Бирок ошол эле учурда мен мындай аялдарды актабайм дагы. Анткени кандай гана кырдаал болбосун балдарды таштабай, аларга кам көрүүгө мүмкүн деп эсептейм. Бирок эгер аялдар балдарын таштап кетиштиби демек анын да өзүнүн себеби бар.

«Атам мен үчүн мугалим болчу»

Атам мен үчүн идеалдуу адам болчу. Ал кезде мен атам кантип бардыгын билет деп таӊ кала берчү элем. Бирок андан жардам сурабаганга аракеттенчимин, дайыма көз карандысыз болуп, атаүэнемдин көмөгүсүз барын өзүм кылгым келчү. Айтканымдай кылдым, атам кубанган. Атам мен үчүн энциклопедия болчу. Азыр анын көзү тирүү болгондо мен бир аз башкача болмокмун болуш керек. Мына азыр мен атамдын жардамына муктажмын.

“Чехов айткандай, адамда бардыгы: жүзү, кийими, жан дүйнөсү, ойлору сулуу, укмуштуу болушу керек деп эсептейм”

Мени сулуулугунан башка эчтекеси жок деп айткан учурлар болгон. Бирок андай эмес, тышкы келбеттен тышкары менде баш бар, ийгиликтүү аяктаган дипломум бар. Мунун баарын сатып ала албайсыӊ, мунун баары эмгек, билим, тажрыйба. Сулуулук кемчилик эмес аны да колдонгонду билиш керек. Бирок сен сулуу болуп туруп бул мага жетиштүү десеӊ жаӊылышасыӊ.

“Ар бир окуяда, мейли ал жаман нерсе болсун, дайыма жакшы жыйынтык чыгарганга аркеттенем”

Балким сыртынан караганда менде баары жакшы жана идеалдуудай көрүнөттүр. Бирок чындыгында менин жашоомдо жана айланамда эмнелер гана болгон жок. Мен баарын унутканга аракет кылам жана кээде балким 80ге чыкканда мемуар жазып бардыгын болгондой айтып берермин деп ойлонуп калам. Кээде бардык нерсени айткыӊ келет, бирок айтылбаганы жакшыраак го.

Ссылка: https://barometr.kg/content8635



Добавить комментарий