Өкмөт башчы Сапар Исаков жаш жубайлардын үйлөнүү үлпөтүнө барды

13 ноября 2017 16:15 802 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков никени Мамлекеттик кызматтар порталынын жардамы менен каттаган жаш жубайларды жеке өзү куттуктады. Бул тууралуу өкмөт башчы өзү билдирген.

Социалдык тармактардаг өзүнүн баракчасына премьер нике кыюу салтанатынан кийин жаш жубайлар менен түшкөн сүрөттү жарыялаган.

"Таза Коом" долбоору иштин үстүндө", - деп жазган Сапар Исаков.

Эске салсак, буга чейин, 10-ноябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы» жана «Маалыматтык киосктор» деген долбоорлорду тааныштыруу учурунда жубайлар Чыӊгыз менен Гүлзада портал аркылуу никеге тургандыгы тууралуу арыз беришкен болчу. Алар Сапар Исаковду салтанатка чакырышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content8597



Добавить комментарий