Келиндикке ала качылып барган студент кыздын сырдуу өлүмү

13 ноября 2017 10:58 1827 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандагы Актөбө областында билим алган студент кызды төрт ай мурун казак элинин салты менен Атырау областынын тургуну үйүнө ала качып алып келген. Бирок экөөнүн үлпөт тою ошону менен болгон эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Ал эми кыздын туугандары качан той болот деп күн санап күтүшкөн. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин тууган-урук кыздын каза болгону тууралуу суук кабарды угушкан.

«Биздин карындашыбыз мындан бир нече күн мурун каза болду. А биз болсо дале эмне болгонун билбейбиз. Менин тайкемдин кызы Актөбөдөгү окуу жайлардын биринде окучу. Төрт ай мурун аны Атыраудан бир жигит келип ала качып кеткен. Ошондон бери күйөө бала тараптан бизге эч кимиси келген эмес. Биз болсо баланын туугандары качан келип той болор күн тууралу бизге кабар беришет деп күтүп жүргөнбүз. Бирок аӊгыча эле «кыз өлдү, сөөгүн алып кеткиле» деген суук кабар жөнөтүштү. Биздин эки агабыз дароо эле Атырауга сапар алды», - деп айтып берди Талгат Абдраманов.

Туугандарынын айтымында, маркум Данаранын сөөгүн бир күн мурун алып келишкен. Алар кыздын эмнеден улам каза болгонун так аныктоо үчүн сөөктү медициналык экспертизадан өткөрөлү деп ниеттенишүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/content8564



Добавить комментарий