Казакстан Кыргызстандын сүт-эт ишканаларына чектөө киргизди

13 ноября 2017 09:02 825 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстан Кыргызстандагы сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын продукцияларын өлкөгө киргизүүгө чектөө койду. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдиргенин Борбор Азия кабарлар кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, Бекшин Кыргызстандан талапка туура келбеген продукциялар келип жатканын айткан.

Айрым маалымат булактары баш-аягы үч компанияга: «Ак-Сүт», «РИХА», «Куликовский» ишканаларынын продукцияларына чектөө киргизилгенин кабарласа, башка басылмалар чектөөгө кабылган компаниялардын саны төртөө экенин, алардын арасында “Эмилия” жоопкерчилиги чектелген ишканасы бар экенин жазды.

Кыргыз өкмөтү жана аты аталган компаниялар Казакстандын бул чечими боюнча маалымат бере элек.

Казакстан 10-октябрда Кыргызстан менен чек арасында текшерүүлөрдү күчөткөндөн көп өтпөй кыргызстандык сүт азыктарын чыгарган беш компаниянын продукцияларына чектөө киргизген.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал 10-ноябрда Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы жыйынында каралып, анда кыргыз өкмөтү Казакстан “жасалма тоскоолдуктарды” түзүп жатат деп билдирди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8557



Добавить комментарий