Исаков: «Айдоочу күбөлүк алууда сынак өтүүчү борбор түзүүнү сунуштайм”

10 ноября 2017 18:24 1861 Barometr
Поделиться в:
ok

Айдоочу күбөлүктү алууда коррупцияга жол бербей турган нормативдик-укуктук базаны иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда, жолдордогу кырсыктар маселеси боюнча чукул жыйында КРдын премьер-министри Сапар Исаков билдирди.

"Айдоочу күбөлүктү алууда сынак тапшырыла турган бирдиктүү борбор курууну сунуштайм. Тесттерде суроолордун 300 варианты болушу керек. Келечектеги айдоочу боло турган жарандар мунун кайсынысы болбосун жооп бериши керек, демек, алар даярданышы жана эрежелерди жатташы керек болот", - деп кошумчалады өкмөт башчы.

Экзамен тапшыруу процессине эч кимдин кийлигишпөөсү жана бааларга таасирин тийгизбеши үчүн, Сапар Исаков борбордо видео көзөмөл камераларын орнотууну сунуштады.

Ссылка: https://barometr.kg/content8547



Добавить комментарий