Тамеки тартпаган кызматкерлердин жумушчу күнүн кыскартуу сунушталууда

10 ноября 2017 16:22 941 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик думада Эмгек министрлигине тамеки чекпеген кызматкерлер үчүн иш жуманы (35 саатка чейин) 5 саатка кыскартуу мүмкүнчүлүгүн ойлонуп көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу «ВБ» билдирди.

Депутаттын пикирине ылайык, мындай чара калктын саламаттыгына жана экономикага жакшы таасир берет. Власовдун маалымат боюнча, Россиянын чылым чегүүнүн айынан экономикалык жоготуусу ИДӨнүн дээрлик 3 пайызын түзөт, ошон үчүн бийлик чылым чегүүдөн баш тартууга стимул бере турган ыкмаларды иштеп чыгышы зарыл.

"Мындай учурда ири социалдык кепилдиктерди сунуштап, иш күнүн кыскартуу жолунда бараткан Европа мамлекеттеринин эмгек мыйзамдарынын өнүгүү тажрыйбасын өздүштүрсө болот»,-деп билдирди депутат.

Эмгек кодексинин азыркы нормалары боюнча, иш күнүнүн нормалдуу узактыгы бир жумада 40 сааттан ашпоосу керек.

Ссылка: https://barometr.kg/content8542



Добавить комментарий