Чоӊ апасы жаӊы төрөлгөн небересин тирүүлөй мешке жагып салган

10 ноября 2017 11:40 4661 Barometr
Поделиться в:
ok

Түндүк Казакстан областына караштуу Дубровный айылында 62 жаштагы жергиликтүү тургун Любовь Русалиева өзүнүн жаӊы туулган кыз небересин тирүүлөй мешке жагып салган. Бул тууралуу "ВБ" билдирди.

Ымыркайдын апасы болсо ал учурда тогуз жаштагы уулу менен дүкөнгө кеткен. Дүкөндөн үйүнө кайтып келгенде биринчи болуп баласы меште наристенин күйүп жатканын көргөн.

Белгилүү болгондой, Русалиева алкогол ичимдиктерин колдонуп жүрчү, бирок небересин өлтүрө электе ал ичкенин токтотом деп чечкен.

"Ооба, ал аял ичип койчу, муну баары эле билишчү. Бирок ал адекваттуу акылы ордунда эч кимге жамандык кылбаган адам болчу. Дарыгерлер дагы үйүнө барышкан. Эч кандай агрессия, кызыл кандуулук байкалган эмес анда. Ушундайга колу барат деп эч ким ойлогон эмес. Эмне болгону түшүнүксүз болуп эле калды. Эми адистер өздөрү териштирет го", - деп аталган айыл аймактын акими Галина Швецова Sputnik Казакстан порталына айтып берген.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Русалиева колго түшүрүлдү. Аны 15тен 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content8524



Добавить комментарий