Сапар Исаков Федерика Могерини менен маанилүү долбоорлорду талкуулады

10 ноября 2017 11:21 642 Barometr
Поделиться в:
ok

Сапар Исаков Европа биримдигинин чет элдик иштер жана коопсуздук саясат боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы ушул жылдын 15-октябрында өлкөдө заманбап технологияларды жана жарандардын биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен президенттик шайлоо болгонун белгиледи.

Премьер-министр атамекендик шайлоо системасы шайлоочулардын эркин эрк-ниетине болгон укукту анык ишке ашырууну камсыз кылуу менен, ал ошондой эле Борбордук Азия аймактары үчүн уникалдуу үлгү болду деп өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, Исаков былтыркы жылы өткөрүлгөн конституциялык реформа өлкөдө өкмөт менен парламенттин ролун күчөтүүгө, бийлик бутактарынын ортосунда теӊ салмактуулукту жакшыртууга мүмкүндүк бергенин айтты.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, бүгүнүкү күндө Кыргыз Республикасы менен Европа биримдиген мүчө мамлекеттердин ортосунда эки тараптуу сооданын деӊгээлин көтөрүү керек.

Муну менен бирге ал ЕБге «Таза Коом» долбооруна кызыгуу көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана өлкөнүн өкмөтү аны практикалык жактан ишке ашыркуда ЕБдин колдоосуна ишенерин белгиледи.

Премьер-министр жакынкы 5 жылга өлкөнүн социалдык-экономикалык комплекстүү өнүгүүсүн камсыз кыла турган өкмөттүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын негизги багыттары тууралуу айтты.

Европа биримдигинин чет элдик иштер жана коопсуздук саясат боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини Сапар Исаковду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады жана КРдын президенти Алмазбек Атамбаевге Кыргызстанга чакыргандыгы үчүн ыраазчылык билдирди.

"Кыргызстандын өкмөтүнүн демилгелери абдан маанилүү. Алар күчтүү жана кыраакы", - деп Федерика Могерини жолугушуу учурунда билдирди.

Федерика Могерини ошондой эле, жакынкы араларда Европа биримдигинин Кыргызстан менен болгон тыгыз кызматташтык жана өнөктөштүк боюнча жаӊы макулдашууну бекитүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого биримдиктин даярдыгын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/content8520



Добавить комментарий