Мурад Омоев премьер-министрдин кеӊешчиси болуп дайындалды
Премьер-министр Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Омоев Мурад Асылбекович КРдын премьер-министринин кеӊешчиси болуп дайындалды.
Мурад Омоев 1979-жылы 20-июнда Токмок шаарында туулган. 1999-жылы АКШдагы Айов штатындагы Graceland Collegeде экономика жана иштиктүү администрациялоо тармагында бакалавр даражасына ээ болгон.
2001-жылдан 2002-жылга дейре ал эл аралык өнүгүү боюнча АКШ Агенттигинин долбоорлорунда түрдүү кызматтарда иштеген.
2003-жылдан 2004-жылга чейин Кыргызстанда эки магистрдик программа уюштурган, программа аркылуу жогорку окуу жайлардагы 120дан ашуун окутуучулар окуудан өткөн.
2004-жылы Колумбия университетинде магистратураны уланткан.
2012-жылдан баштап Эл аралык валюта фондусунун Европа департаментинде экономист болуп эмгектенген. Мурад Омоев экономикалык өнүгүүгө фискалдык саясаттын таасири жаатында новатордук изилдөөсү үчүн аталган фонддун командалык сыйлыктын лауреаты.
Ссылка: https://barometr.kg/content8487
Добавить комментарий ×