Кыргызстандан барган каракчылар тобу Москвадагы кытайлыктарды тоногон

9 ноября 2017 12:15 837 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандан барган каракчылар тобу Москванын түштүк-чыгышындагы кытайлык жарандарды тоногон. Бул тууралуу россиялык маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, жаш адамдар эки жолу талап-тоноочулук кылышкан. Мындай кылмыш топтун уюштуруучусу 24 жаштагы, Кыргызстандан барган жаран камакка алынды, ал эми анын шериктери изделип жатат.

Алар Кытай жана Вьетнамдан келген соодагерлерди тоношкон, каракчылар аларды полицияга айтпайт деп ишенишкен.

Эки талап-тоноо иши теӊ бир схема боюнча жасалган: каракчылар тоной турган жарандардын артынан эле лифтке кирип келишип аларды оюнчук тапанча менен коркутушкан. Ошентип телефон, алтын жасалгаларды, жеке буюмдарын алып кетишкен.

Люблин прокуратурасы буга байланыштуу кылмыш ишин райондук сотко жөнөткөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8485



Добавить комментарий