Чемпионаттагы чыр: Кыргыз спортчуларын мелдешке киргизбей коюшту

9 ноября 2017 11:00 762 Barometr
Поделиться в:
ok

Кик-боксинг боюнча Кыргызстандын курама командасын Дүйнөлөк чемпионатка киргизбей коюшту. Белгилесек, учурда аталган чемпионат Венгрияда өтүп жатат.

4-ноябрдан 12-ноябрга чейин Будапештте Будапештте кикбоксинг боюнча башкы башталгыч сезону – Дүйнөлүк чемпионат болот. Мелдештер К-1ден башталып жана поинтфайтинг менен жыйынтыкталуучу бардык бөлүмдөрдө өткөрүлөт.

Кыргызстандан барган спортчулар бул чемпионатка катышууну ниеттенип жатышкан. Алар демөөрчү таап, виза алып Венгрияга сапар тартышкан болчу. Бирок Будапештте аларды мелдештен алып салышкан. Азыркы тапта кик-боксчулар кайра мекенине кайтып жатышат. Чемпионатка эмне себептен киргизбей койгондугу азырынча белгисиз.

Ссылка: https://barometr.kg/content8477



Добавить комментарий