Кайрат Нуртастын апасы: «Келиним мыкты эне жана жубай. Ал абдан сулуу»

8 ноября 2017 18:45 11611 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын таланттуу ырчы мырзасы Кайрат Нуртастын апасы жана продюсери Гулзира Айдарбекова, өзүнүн келинин коомчулуктан он жылдан бери көрсөтпөй жашырып келген. Ал «Астана» телекөрсөтүүсүндөгү «Ел аузында» программасында Кайраттын жубайы, келини Жулдызды мактады.

Апасынын айтымында, Жулдыз ал үчүн эӊ мыкты жубай жана эне.

"Менин келиним акыл-насааттарды угат жана анын үстүндө иштейт. Ал ар дайым биз менен чогуу бардык иш-чараларга катышып, сүрөткө түшөт. Бирок ал сүрөттөрдү элге жарыялабайт. Баары эле менден келиниӊди кайда катып жүрөсүӊ деп сурап калышчу. Жулдыз өзү аны каалачу эмес. Ал биздин үйгө келин болуп келгенде 18 жашта болчу. Мен аны тарбияладым,кантип күчтүү, чыдамкай болуш керек, үйдө кандай алып жүрүү керектиги боюнча үйрөттүм", - дейт Гулзира Айдарбекова.

Анын айтымында, Кайрат концерттерге дайыма жубайы менен барчу.

"Мен үчүн Жулдыз Казакстандагы мыкты эне жана жубай. Ал менин уулум менен ажырашкан эмес, тескерисинче үй-бүлөнү сактап калды. Келинимде чыныгы сулуулук бар. Башкаларчылап анда татуаж, жасалма ооз, кирпик жок, анда бардыгы табигый сулуулук. Жүзү эле эмес жүрөгү дагы таза жана сулуу", - деп кошумчалады Кайрат Нуртастын апасы.

Ссылка: https://barometr.kg/content8468



Добавить комментарий