Кореяда ядролук сыноолордон кийин мутант-балдар төрөлө баштады

8 ноября 2017 15:50 1243 Barometr
Поделиться в:
ok

Түндүк Кореядагы Пангири полигонундагы ядролук сыноолордон кийин жергиликтүү тургундардын балдары патологиясы менен төрөлө баштаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

 

"Бул аймакта жашаган тууганым төрөт үйлөрүндө мутацияга кабылган балдардын төрөлүүсү катталган учурлар бар»,-дейт газетага жашоочу билдирген.

Дагы бирөөнүн айтымында, радиация жер астындагы сууларга өткөн. Айрым булактар соолуп калган. Ал эми сууну башка булактан алып колдонуудан жергиликтүү тургундар коркушат.

2010-жылы Кореядан качып келген бир эркек жаран бул полигондо болгон эки окуяны башынан өткөргөнүн айтты: «2006-жылы биринчи жана 2009-жылы экинчи ядролук сыноолор учурунда аскер кызматкерлердин гана үй-бүлө мүчөлөрү эвакуацияланган, аларды жер астындагы шахталарга бекитишкен. Ал эми жергиликтүү жашоочулар сыноолорго даярдык жүрүп жатканын билишкен дагы эмес».

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8460



Добавить комментарий