Казак аткаминерлери офшордо байлыктары бар экенин четке кагышууда

8 ноября 2017 13:17 432 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Коргонуу жана аэрокосмос өнөр жай министри Бейбит Атамкулов менен "КазМунайГаз" улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Сауат Мынбаев офшордук түзүмдөр менен байланышта жана салык төлөбөй жүрөт деген маалыматтарды төгүндөштү. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.

Атамкулов менен Мынбаевди офшордон Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму (International Consortium of Investigative Journalists, ICIJ) тапкан. Атамкуловдун Мальтада катталган Centraz Finance Ltd компаниясы 1998-жылы негизделген. Каттоодогу маалыматтар боюнча ал шарап өндүрүү жана сатуу иштери менен алектенет.

Атамкулов Centraz Finance Ltd 1998-жылы түзүлгөнүн тастыктады. “Эл аралык инвестицияларды Казакстанга тартуу иши болгон. Бирок Орусиядагы каржы каатчылыгына байланыштуу тенге арзандап, компанияны жабууга туура келген”, -деп түшүндүрдү ал. Атамкулов мамлекеттик кызматка келгенге чейин жетекчиликтин курамынан чыгып кеткенин кошумчалады.

"Бул долбоордон чыкканым тууралуу өнөктөштөргө кат жолдогом. Бирок ал өтүнүчүм тиешелүү деңгээлде документтештирилбептир. Мен дагы бул тууралуу кечээ эле уктум. 1998-жылдан бери бул компания бар экенин билген эмесмин", - деди министр.

Ал эми Сауат Мынбаев Бермуд аралдарындагы Meridian Capital Ltd компаниясынын акционери болуп чыкты. ICIJ иликтөөчүлөрү бул офшор аркылуу Мынбаев тоо-кен, алтын өндүрүү жана мунай компанияларына акча салып турганын ырасташууда. Учурда Meridian Capital компаниясына Орусиядагы жана Казакстандагы бир нече аэропорттор таандык.

Эксперттер Meridian Мынбаев 2002-2003-жылдары мамлекеттик түзүмдөргө иштөөгө кеткен маалда түзүлгөнүн баса белгилешүүдө. Мынбаев бул айыптоолорду четке кагып, “офшордук эсептерге” тиешеси жок экенин билдирүүдө. Ал компаниядагы үлүшүн 2003-жылы башка кишилерге өткөрүп бергенин айтууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content8455



Добавить комментарий