Алмазбек Атамбаев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл койду

7 ноября 2017 13:38 618 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” Улуттук  тарыхый-мемориалдык комплексинде болду.

 Президент Алмазбек Атамбаев  шайланган Президент Сооронбай Жээнбековдун, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек  Жумабековдун, Премьер-министр Сапар Исаковдун, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын коштоосу менен 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясый  репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына, Ч.Т.Айтматовдун бейитине гүл коюшту.

Андан кийин  Мамлекет башчысы  менен  коштогон адамдар 2010-жылдагы  Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына барып, куран окутушту.

Ошондой эле  Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн  алкагында  Президент Алмазбек Атамбаев  менен шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот  бийлик бутактарынын башчылары  Бишкектеги Жеңиш аянтына барып, 1941-1945-жылдардагы  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана оруктун эмгекчилеринин элесин  эскерип, Түбөлүк отко гүл коюшту.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө  арналган, анын ичинде  Кыргызстандын калыптануусундагы жана өнүгүүсүндөгү тарыхый инсандардын ролуна байланыштуу тиешелүү иш чаралар өлкөбүздүн бардык аймактарында облустардын жана райондордун жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8421



Добавить комментарий