Бишкекте милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

7 ноября 2017 13:24 632 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү боюнча маселени чечүү үчүн Казакстандын жаранынан пара алып кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, казакстандык эки жаран 29-октябрда милиция кызматкерлери 8 миӊ сом өлчөмүндөгү акча алышкан жана дагы 20 миӊ сом талап ыкылышууда деп билдиришкен.

6-ноябрда 14 миӊ сом акчаны алып жаткан учурунда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын ага лейтенанты Б.А. кармалды.

Учурда иликтөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content8418



Добавить комментарий