Бишкекте депутат Аида Салянованын бир тууган инисин өлтүрүп кетишти

6 ноября 2017 11:57 471 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарындагы «Көк-Жар» жаӊы конушунда белгисиз адамдар Жогорку Кеӊештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууганын атып кетишкен. Маалыматты депутаттын мурунку адвокаты Улан Жумаков ырастады.

Анын айтымында, 6-ноябрда түнкү саат экилерде бет кап кийген белгисиз адамдар Улан Саляновдун үйүнө кирип келишип аны атып кетишкен. Кол салуунун натыйжасында 42 жаштагы Улан Салянов каза болгон. Окуя болгон жерге милиция келген.

Туугандары үйгө бет капчан 3-4 адам кирип келип акча талап кылышкан. Үйдүн кожоюну Улан Саялнов алар менен кармаша кетип, жыйынтыгында аны атыпс алышкан. Бул учурда үйдөн анын 17 жаштагы уулу Абай Салянов качып чыгып, кийинчирээк ал табылган.

Маркумдун жубайы менен балдары учурда көрсөтмө беришүүдө.

Окуя болгон жерде Аламүдүн жана Октярь райондук Ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери иштеп жатышат. Милиция окуя болгон жерди сүрөткө жана видеого тартууга уруксат берген жок.

Ссылка: https://barometr.kg/content8408



Добавить комментарий