Назира Айтбекова: “Биз аялзаты өзүбүздү-өзүбүз баалоону, сүйүүнү үйрөнүшүбүз керек”

1 ноября 2017 12:56 3685 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекованын айтымында турмушта адам баласы ийгиликтерut өзүнүн күчү менен жетишүүгө болот. Теле алып баруучу “Вечерний Бишкек” сайтына маек берип жатып, балалык кезиндеги кылдары, ойлору, ошондой эле жашоого болгон көз караштары менен бөлүштү.

“Мен кичинемде кара мүртөз өрдөк болчумун”

Алсыз болуп күп ооруп калчу элем. Мен тезирээк чоӊоюп ак кууга айлангым келе берчү. Көп учурда сулуу кыздардын, жылдыздардын сүрөттөрүн тартар элем. Кол тамга коюп, өзүмө-өзүм маек бере берчүмүн. Ошол убакта эле белгилүү адам болууну кааласам керек.

“Өзүм менен өзүм гармонияда болууга умтулам”

Мен дайыма өзүм менен, каталарымдын үстүнөн иштейм. Кечирим сураганды жана кечиргенди үйрөндүм. Буга чейин мен кээ бир адамдарды такыр эле жаман көрөр элем, аларга карата аллергиям бар болчу десем да болот. Ал эми азыр болсо жек көрүү, жаман көрүү деген нерселерден толук арылдым.

“Жашоо тууралуу көз карашым өзгөрдү”

Мурун жашоомдун картинасын башкача элестетчүмүн. Жолдошум экөөбүз узун өмүр сүрөбүз, дүйнөнү кыдырып чыгабыз, балдарыбыз жакшы адам болуп чоӊоет, 90 жашка келип калганда бири-бирибизди кучактап бир-бирибизге «рахмат» деп айтабыз деп кыялданчумун. Бул кыялымдын сүрөтү күйөөм менен ажырашкандан кийин өзгөрдү.

«Аялдар канаттарын жолдошуна беришет»

Жаш аялдарга айтарым, жаздыкка башыӊарды катып кыйкырып ыйлагандын, нерв коротуунун такыр кереги жок. Өзүӊдү колго алуу керек, жашоо уланып жатпайбы. Жалгыз таштап кеткени үчүн күйөөӊөргө рахмат айтып, аны кое берип, жашооӊду андан ары улап кете бериш керек. Өзүӊөрдү сүйүүнү, баалоону үйрөнгүлө. Биз аялдар турмушка чыгып жатканда өзүбүздү баалоону, өзүбүз үчүн жашоону унутуп калабыз. Мунун баарын биз бир адам үчүн гана жасап калабыз. Көрсө биз канаттарыбызды чечип аны күйөөлөрүбүзгө алар бийиктикке учушсун деп берет экенбиз да. Качан ажырашканыбызда алар канатты сага калтырып кетип калышат экен да.

«Өзүмдү Чыӊгыз Айтматовдун повестиндеги Жамиляга окшоштуруп кетем»

Мага мультфильмдеги каарман Муланга окшошсуӊ деп айтып калышат. Билбейм. Мага көбүрөөк Жамиля жакын. Мен Жамиляга кайсы бир жактарым менен окшош болгондой сезиле берет. Ал дагы мен дагы шайырбыз, эгер бирөөнү сүйүп кала турган болсок аны өмүр бою сүйөбүз.

«Балам чыныгы мырза жигит болуп чоӊойсо экен дейм»

Уулум аялзатын сыйлаган, жоомарт, берешен, жакшы адам болсо экен деп тилейм.

«Кыргыз эркектерине өзүнүн жеке пикири, эрдик, кайраттуулук жетишпейт»

Бул эми менталитеттен болуш керек, бирок биздин эркектер башкалардын пикиринен аябай көз каранды болуп турушат.

«Ийгиликти багынтуу үчүн сөзсүз эле «Мелис байке» сыяктуу бирөө болуш керек деген нерсе жок»

Менин акчам да туугандарым да болгон эмес. Бай үй-бүлөдөнмүн деп айтууга болбойт. Апам мугалим, ал мени жалгыз өстүрдү. Жашоодо бардыгына өзүӊдүн күчүӊ менен жетүүгө мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/content8278



Добавить комментарий