Сапар Исаков "Майкрософт" жана "Ассекону" «Таза коом» долбооруна катышууга чакырды

31 октября 2017 12:03 600 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков 30-октябрда, «Майкрософт» жана «Асеко» компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда «Таза комм» улуттук долбоорунун биргеликте ишке ашыруунун келечектери талкууланды.

Премьер-министр бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан аталган улуттук долбоорду активдүү ишке ашыруу жүрүп жатат деп белгиледи. Долбоордун максаты санариптик экономикага өтүү болуп саналат.

Сапар Исаков мындай нерсе республикалык бюджеттин киреше көлөмүн көбөйтүүгө, мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштырууга жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү эскертүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп баса белгиледи.

Сапар Исаков «Майкрософт» жана «Ассеко» ишканаларын активдүү кызматташууга чакырды. «Ассеко» компаниясынын Борбор Азиядагы өкүлү Станислав Бузала өкмөт башчыга жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди жана «Ассеко» ишканасынын тигил же бул тармактарды автоматташтыруу боюнча ири тажрыйбага ээ экени тууралуу маалымат берди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8228



Добавить комментарий