Жигити үйлөнүүнү сунуштаганда кыз алманы бетине ыргытты

30 октября 2017 12:14 1079 Barometr
Поделиться в:
ok

 

АКШнын тургуну жигити бул жолу дагы үйлөнөлү деп айтып тамашалап жатат окшойт деп ойлоп, анын жүзүнө алманы ыргытып жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Миранда Маккалиондун айтымында, ал Рэнди Уэнт менен көп жылдан бери тааныш жана жети жылдан бери алар бирге жарандык никеде жашап келишет. Бул арада Рэнди Мирандага үйлөнүүнү сунуштайын деп шашылып да койгон эмес эле. Алар эки балалуу да болуп калышкан.

Мындан тышкары, Миранда сүйүктүүсү дайыма бул сунушту айтып тамашага сала бергенин айтат.

"Ал беш же алты ирет тизеси менен отуруп алып тамашалп мага турмушка чыгасыӊбы деп калп эле айта берчү. Ошондуктан Рэнди мага бул жолу чыны менен эле үйлөнүүнү  сунуштап жатканда мен баягы жоругун жасап жататко деп ишенбей алманы бетине ыргытып жибергем", - дейт кыз.

Ссылка: https://barometr.kg/content8182



Добавить комментарий