Жанета Бобкова: “Мончого барып, денемди эс алдырганды жактырам”

30 октября 2017 11:53 2441 Barometr
Поделиться в:
ok

Ар бир аялзаты сулуу, камкор, бактылуу сезип, айлананы курчап турган чөйрө менен гармонияда болууну самашат. Бирок, ал максаттарга жетүү үчүн ар бир аялзатынын өз сулуулук сырлары бар. Ал эми биздин бүгүнкү каарман Жанеттанын кандай сулуулук сырлары бар экени тууралуу NazarNews.kg сайты жазды.

 

1.Кечкисин тамактан баш тартуу

Кечки саат 6 дан соң, тап такыр тамак жебейм. Бирок, изилдөөлөргө таянсак, уктоого 2 саат калганда тамак жей берсе эч нерсе болбойт деп айтылат. Мен өзүм абдан кеч уктайм. Ошондой болсо да көнүп калган жаным саат 6 дан кийин тамак жебейм. Көп жылдан бери менин башкы тамагым жашылча жана жер-жемиштер болуп калды. Эртең менен уйкудан ойгонгон соң, өзүмдү абдан жеңил сезем.

2. Фитнес

Менин кесибим ар дайым өзүмдү карап жүрүүго мажбурлайт. Өзүм да ар дайым келбеттүү, тыкан, сулуу алып жүргөндү жактырам. Мына ошондуктан, мен өзүмдү таштап сала албайм. Жумасына эки, үч ирет машыгуучу залдарга барам. Эгер залга жетишпей калсам, үйдө алектенем.

3. Бет үчүн маскалар

Айымдар кандай гана кыйынчылыктар болбосун өзүнө кам көрүп туруу керек. Өзгөчө көңүлдү бетке буруу керек. Себеби, ар бир адамды келбети аркылуу тааныйбыз. Жүзү канчалык сулуу, жагымдуу болсо ошончолук жакшы ойдо болобуз. Бетиме кам көрүүдө эч качан жалкоолонбойм. Түрлүү маскаларды колдонуп, пилинг жасап турам. Жай мезгилинде болсо кулпунай менен бадыраңдан маска жасап, бетиме кам көрөм.

4. Мончо

Мончодо парга олтурганды жактырам. Парда дене жеңилденип, тери дем алып, жылмакай, жагымдуу болуп маанайды көтөрөт. Тилекке каршы бул процедура бардык айымдардын ден-соолугуна туура келе бербейт. Бирок, мага бул процедура абдан жагат. Эреже катары жумасына бир ирет мончого барып турам.

5. Жаратылышка суктануу

Жай мезгилинде Ысык-Көлгө барып, шаардын ызы-чуусунан алыстап муздак сууга түшүп эс алганды абдан жактырам. Жазда үй-бүлөм менене жаратылыш койнуна көп чыгабыз. Күздүн да өз керемети бар. Ал эми кышкысын лыжа тебем.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8181



Добавить комментарий