Назира Айтбекова: «Чубак ажыны сексопатолог болуп кетти дегендер элге сексопатолог таап, анын кызматын жайып койгулачы»

30 октября 2017 09:44 14235 Barometr
Поделиться в:
ok

Коомдук телерадио корпорациясынын теле алып баруучусу Назира Айтбекова мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловду жактады. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөрдө жазып чыкты.
Белгилесек, социалдык түйүндөргө Чубак ажынын түз эфирдеги видеосу жарыяланган. Видеодо Чубак ажы Жалиловго элдер төшөк маселесине байланыштуу суроолорду беришкен. Анын ичинде, бир аял күйөөсү интернеттен порнографиялык тасмаларды көрүп жатканын, муну менен бирге аялы менен жыныстык катнашта жашабай калганын айтып суроо берген. Чубак ажы аялга күйөөсүнө мындай фильмдерди көрүүсүнө тыяюу салууга чакырып, ошондой эле, ага бул жаатта туугандары менен сүйлөшүүгө кеӊеш берген.

Чубак ажынын видео түшүндүрмөсү интернет колдонуучулардын арасында ар тараптуу пикирлерди жараткан.

​​Назира Айтбекова Чубак ажыга мусулмандарга төшөк маселесине байланыштуу маалыматтарды бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирген. Анын айтымында, элдер психологдор менен сексопатологдордун кеӊештерине муктаж.

 “Бизде сексопатолог, психологдордун кызматы абдан керек! Алардын кызматын пайдалануу намыс, уят эмес экенин элге үйрөтүшүбүз керек. Мен бир дагы аты чыккан сексопатолог же психологду билбейт экенмин. Укпаптырмын. Кечирип койгула, улуу сөздө уят жок! Эң чоң көйгөйүбүз ушул! Төшөктө маселе көп! Оргазм алганды билбеген, өмүр бою кумар ала албаган аялдар бар! Биз муну уят көрүп, көмүскөдө катып келебиз! Эркек сөрөйлөр аялдарга мамиле кылганды билбейт! Айрым аялдардын ар бир түнү зордуктоого барабар өтөт! Өзгөчө ала качырылып келген кыздардын алгачкы түнүн элестеткиле! Зордуктоо эмей эмне? ! Чубак Ажыга рахмат ! Ушуну өөн көрбөй, жооп берип жатканына! Чубак Ажыны сексопатолог болуп кетти деп жаман көргөндөр, элге сексопатолог таап, алардын кызматын жайып койгулачы, бай болгурлар»,-дейт ал.

Эске салсак, Чубак ажы Жалиловго мусулмандар интимдик мүнөздөгү суроолорду көп беришет. Буга чейин Чубак ажы Жалилов, суроолорго жооп берип жатып шарият аялдарды оралдык секске зордобойт деп белгилеген. Анын айтымында, шарият аялды мындай катнашка зордоого уруксат бербейт, бирок эгер жубайлар эки тараптуу макулдашууга барса күнөө болбойт, бирок макирөө.

Ссылка: https://barometr.kg/content8164



Добавить комментарий