Сайкал Садыбакасова турмушка чыгып, Самара Каримованы өкүл апа кылып шайлады

27 октября 2017 12:17 1676 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 25-октябрда "Кыз бурак" тобунун аткаруучу директору Сайкал Садыбакасовага кайын журту кыргыздын салты боюнча сөйкө салуу жөрөлгөсүн жасашты. Бул боюнча NazarNews.kg билдирди.

Эки тарап бир чечимге келип, алдыда боло турган тойго кызуу камданышууда. Ал эми жаш жубайлардын өкул ата-апасы болуп Асан Мансуров жана анын жубайы ырчы Самара Каримова шайланыптыр. Ал эми заманбап үлпөт той 14-ноябрда Ош шаарында өтөөрү маалым болду.

Эскерте кетсек, Сайкал Садыбакасова теле алып баруучу Максат Доврановго турмушка чыгууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content8101



Добавить комментарий