Сапар Исаков элчи Петер Шольц менен жолугушту

27 октября 2017 10:49 461 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Петер Шольц менен жолугушту.

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды.

Өкмөт башчы петер Шольцтун эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсү үчүн чоӊ салым кошконун белгиледи.

Элчи Петер Шольц Германия Кыргызстанда демократия орногондон жана өлкө эгемендүүлүк алгандан бери мамлекеттин өнүгүүсүнө кылдаттык менен байкоо салып келет деп билдирди.

Ошондой эле, премьер-министр Сапар Исаков элчи Петер Шольцтту КРдын Өкмөтүнүн- Ардак грамотасы менен сыйлады.

Ссылка: https://barometr.kg/content8091



Добавить комментарий