Бегимай Карыбекова «Дүйнө сулуусу» сынагына катышпай калды

26 октября 2017 17:53 752 Barometr
Поделиться в:
ok

«Кыргызстан сулуусу 2017» наамынын ээси, 19 жаштагы Бегимай Карыбекова Кытайдын Пекин шаарында өтө турган «Дүйнө сулуусу» сулуулук сынагына катышпайт. Бул тууралуу ал Instagramдагы баракчасына жазган.

«Кутман күн, урматтуу менин досторум! Айрымдары «Дүйнө сулуусу» сынагына катышабы, виза алдыбы дешип мени менен кошо кызыгып-сүрдөп да жатышты. Мен айтар элем, бул өзүм үчүн дагы кызык болду. Сынакка катышамынбы? Мага Кытайга виза ачып беришеби? деп мен өзүм дагы абдан кызыгып жүрдүм. Бирок тилекке каршы биз жооп күтүп отургуча ал жакта сынак башталып калган. Бир жагынан бир аз капа болгонум менен экинчи жагынан бул мени дагы күчтүү кылат.»,-деп жазган ал.



Буга чейин Кытай элчилиги Карыбековага виза ачуудан баш тартканы, ал жарандарга виза алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылганы маалымдалган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8074



Добавить комментарий