Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз

26 октября 2017 09:42 616 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков 25-октябрда Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан чек арадан жүк ташуу унаалардын эч тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздайт деген ишенимин билдирди. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы маалымдады. 

«Ортодо айрым маселелер болгонуна жана алардын кээ бирлери чечилгенине сиздер баарыңыздар күбө болдуңуздар. Бул үчүн биз казак тарапка ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бирок маселе ушундай көйгөйлөр жаралышы керек беле, бул биздин өнөктөштүгүбүзгө дал келеби дегенде турат» — деди Исаков кеңештин жыйынында.

Анын айтымында, ортодогу келишимдер боюнча бардык жүк ташуучу, жеңил унаалар, жүргүнчүлөр жана товарлар чек арадан эч кандай тоскоолдуксуз өтүшү керек. «Биз Казакстан бардык болуп жаткан көйгөйлөрдү чечерине терең ишенебиз», — деди Исаков.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8023



Добавить комментарий