Saltanat Palace ресторанынын администратору кардарларды кууп чыккан

26 октября 2017 09:36 1704 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Saltanat Palacе ресторанынын администратору чарчагандан улам кардарларды кууп чыккан. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө “Кара тизме” тобунда колдонуучу Адэлина Атагазиева билдирди.

Маалыматта 24-октябрь күнү Атагазиева аталган ресторанда кызынын туулган күнүн белгилеп жаткан.

"Кечээ кызым бир жашка толду. Туулган күндү Saltanat Palace ресторанында өткөрүп жатканбыз. Туулган күндү белгилөө боюнча алдын ала Куралбек аттуу администратор менен сүйлөшүп алганбыз. Конокторду кечки саат төрттөргө чакырылып, ал убакта столдор даярдалып бүтмөй болду. Бирок администратор силер өзүнөр айткансынар деп дасторконду саат бешке даярдалсын дептир. Биз нааразы болдук, бирок коноктордун алдында ызы-чуу салбайлы деп унчукпай калдык. Окуя ушуну менен эле тынчып калган жок. Келишим боюнча тапшырык кылган экинчи тамак саат жетиге берилиш керек эле. Бирок ал учурда официанттар мага келип тамакты бере берелиби деп сурашты. Ошентип экинчи тамагыбыз саат 20:40та келди. Анда да унчукпадык. Кеченин аягында саат 22:20ларда администратор мага келип конокторду узатышым керектигин айтты. Ал муну «кечени эрте баштадынар, анын үстүндө чарчадым» деп түшүндүрдү. Администрот ошондой эле ресторандарда иш-чаралар алты сааттан кем эмес убаыт ичинде өткөрүлүшү керектигин айтты. Бул жерден чыадабй кетип нааразычылыгымды билдирдим. Мындайды көргөн эмесмин. Жарандарга аталган ресторанда иш-чара өткөрүүнү пландап калсаӊыз эч убакта Куралбек аттуу администратор менен келишим түзбөӊүз деп айтып кетер элем»,-дейт нааразы болгон жаран. 

Ссылка: https://barometr.kg/content8021



Добавить комментарий