Анжелика: «Биздин кийимдер абдан сапаттуу кездемеден тигилет»

25 октября 2017 17:01 2130 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз элинин ажарлуу, эмгекчил, талантуу жылдызы, «Бактылуу айым» теле шоусунун алып баруучусу, "Айым Style" мода үйүнүн негиздөөчүсү, дизайнер Анжелика Бекболиеванын улуттук стилдеги коллекциялары кимди болбосун суктантпай койбойт. «Биздин кийимдер орточо айлык акы алган кыз-келиндердин да чөнтөгүнө чак келет»,-дейт ырчы Kaktus.media сайтына маек берип жатып. «Менин мода үйүмдө кийимдерди тигүү эки миӊ сом турат, кардарлар өздөрүнүн кездемелерин алып келишсе болот. Биздин кездемелер абдан сапаттуу, италиялык фабрикадан чыгарылат. Мындай маталардын метри 1,5 миӊ сомду түзөт. Бир көйнөктү тигүүгө орто эсеп менен алганда 2,5 метр кездеме керектелет. Бир эле матасына дээрлик беш миӊ сомдой акча, аны менен бирге тигүү ишине 2-3 миӊ сомдой каражат жумшалат. Мода үйүбүздө бир кийимди болжол менен 8 миӊ сомго сатып алууга болот. Эгерде анда Swarowski таштары, оймо-чийме кооздуктары, колго иштелип чыккан болсо анда баасы айтылган суммадан жогору болушу мүмкүн”,-дейт ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content8004



Добавить комментарий