Дастан Жумабековдун ЖК төрагалыгына талапкерлиги жактырылды

25 октября 2017 12:57 474 Barometr
Поделиться в:
ok

Көпчүлүк коалициясы депутат Дастан Жумабековдун Жогорку Кеӊештин төрагалыгына талапкерлигин бир добуштан жактырды. Мындай чечимди депутаттар бүгүн, 25-октябрда, коалициянын кезексиз жыйынында кабыл алышты.

Депутаттын талапкерлигин «Кыргызстан» фракциясы көрсөттү.

«Дастан Жумабеков ишин мыкты аткара алды, андыктан биз анын талапкерлигине токтотдук жана аны сиздердин карооӊуздарга сунуштайбыз”, - деп фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

“Мен сиздин талапкерлигиӊизди колдойм. Сиз объективдүү төрага болосуз деген ойдомун”, - деп кошумчалады депутат Ирина Карамушкина.

Белгилесек, бүгүн, Жогорку Кеӊештин спикери Чыныбай Турсунбеков  өз каалосу менен кызматтан кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/content7989



Добавить комментарий