Антикварлар тигүүчү машиналарды сейрек металл үчүн издеп жатышабы?

19 октября 2017 14:25 3568 Barometr
Поделиться в:
ok

Подольск механикалык заводунан чыккан кийим тигүүчү машиналарга Россияда эски буюм тайымдарды сатып алуучулар аңчылык кылышууда. Бул кооз оюу-чийүүлөрү бар тигүүчү машинкалар тууралуу аңыз кептер айтылып жүрөт.

Адегенде тигүүчү машинанын тарыхына бир аз токтосок. 1851-жылы «Зингер» компаниясы Айзек Зингер жана анын шериктеши Эдвард Кларк тарабынан негизделген. Негизги машина чыгаруучу жер Нью-Йоркто болгону менен анын филиалдары АКШнын чегинен тышкаркы өлкөлөрдө да иштеп турган. Ошолордун бири Россиянын Подольск шаарында жайгашкан.

 Подольский заводу өндүрүштү кеңейтип өндүрүш масштабы жагынан 1914-жылы АКШдан кийинки эле экинчи орунда туруп калган. Орустар жасаган тигүүчү машиналар чет өлкөлөрдө катуу бааланган. Японияга, Кытайга жана Перс булуңунун мамлекеттерине жеткирүү колго алынган.

Жыл сайын Подольск 63 миллион рублге машина сатып турган.

“Зингердин” офиси учурда Санкт-Петербургда жайгашкан.

Биринчи дүйнөлүк согуш заводго болуп көрбөгөндөй чыгаша алып келип, 1923-жылы «Госшвеймашина» жана «ПМЗ» (Подольск механикалык заводу) болуп кайра түзүлгөн.

 Бул тигүүчү машиналардын айланасында көптөгөн легендалар айтылып жүрөт.

1998-жылы «Зингер» сериялык номери «1» менен башталган машиналарды издеп жатат дешкен. Эгер мындай машина чыкса анын ээсине 30 миң доллардан 1 млн долларга чейин сыйлык берери айтылар замат бул нускадагы машиналарга чыныгы аңчылык башталган.

 Ошондой эле аталган тигүүчү машинкалардын россиялык өндүрүшүнүн алгачкы партиясына өтө баалуу металл- палладий колдонулган имиш.

 Бир аз мурда «Зингердин» эски ийнелеринде абдан сейрек учуроочу кызыл сымап бар деп чыгышты.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7796



Добавить комментарий