Атамбаев: Казак президенти тууралуу эмоция менен айтып туура эмес кылгандырмын

18 октября 2017 16:03 842 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн мамлекеттик “Ала Арча” резиденциясында мыкты студенттерге степендия тапшыруу аземинде сүйлөп жатып билдирди.

Ал кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга токтолуп, Кыргызстандын башка да кошуналары бар экенин, өз продуктуларын сатуунун башка жолдорун да табышы ыктымалдыгын белгиледи. Ошону менен катар мамлекет башчы бардык кошуналар менен жакшы мамиледе болуу зарылдыгын айтты.

“Балким мен казак президенти тууралуу эмоция менен айтып туура эмес кылгандырмын. Мен бул жөнүндо ушул күндөрү ойлондум. Казакстандын президенти өзүн тегеректеп тургандарга ишенет. Ал эми аны тегеректеп тургандар – бул олигархтар. Менимче ал дагы мага окшоп ишенчээктир. Олигархтар болсо Назарбаевден кийин эмне кылабыз, кантип акчабызды сактап калабыз деп гана ойлошот”, - деди Атамбаев.

Мамлекет башчы кошуналар менен дайыма бир туугандык мамиледе болууну каалай турганын жана бардык кошуналар менен тынчтыкта жашоо керектигин да кошумчалады. Ошол эле кезде ар бир өлкө өз эгемендигин коргоосу зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн мыкты окуган 70 студент президенттин колунан бир жолу берилчү 50 миң сомдук стипендиянын сертификатын алышты.

Казакстанга жарандардын жана автоунаалардын өтүүсү 10-октябрдан бери кыйындаган. Анын алдында президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого кийлигишип жатат деп казак президенти Нурсултан Назарбаевди кескин сындаган болчу.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7759



Добавить комментарий