Тажикстанда гейлер менен лесбиянкалар каттоого алынды

18 октября 2017 11:51 627 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикстанда  ИИМ менен Башкы прокуратура жүргүзгөн атайын операциядан кийин 370тей гей жана лесбияндардын тизмеси түзүлдү.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, тизмеде 319 гомосексуал эркек жана 48 лесбиян бар. Башкы прокуратурага таандык “Мыйзамдуулук” журналы алардын сексуалдык азчылыктарга таандык экени аныкталганын жазды.

Бул арада укук коргоо органдарындагы өз булактын кабарлашынча, алар сойкулар сыяктуу өнөктөштөрүн бат которуп, ВИЧ - инфекциясын жуктуруу коркунучу жогору болгондуктан каттоого алынышкан.

Тажикстан гомосексуалдык мамилелерди 1998-жылы декриминалдаштырган, бирок сексуалдык азчылыктар коомчулук арасында кодуланып келет.

2015-жылы СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдык фонд Тажикстанда гомосексуалдардын саны 30 миңди түзөрүн билдирген. ИИМ бул маалыматты четке каккан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7743



Добавить комментарий