ӨКМ шашылыш билдирүү таратты: кар жаашы күтүлөт
18-октябрда эртең менен, күндүз жана 19-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт. Ал эми 19-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
19-октябрда абанын температурасы төмөндөйт:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5 градус, күндүз +6…+11 градус; Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14 градус; Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…+5 градус, күндүз +5…+10 градус жылуу болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content7708
Добавить комментарий ×