Казакстанга жалпысынан 600дөй автоунаа өтө албай турат

16 октября 2017 18:05 844 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде абал өзгөргөн жок. Бул тууралуу бугүн “Азаттык” радиосуна Чек ара кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, ушу тапта Чүйдөгү “Ак-Тилек” бекетинин жанынд 300дөй жана Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекетинде да 300дөй жеңил жана жүк ташуучу унаа казак тарапка өтө албай турат.

Казакстан тарапка жарандардын жана автоунаанын өтүүсү 10-октябрдан бери татаал болууда.

8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындап сүйлөгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7702



Добавить комментарий