Россияда кыргызстандыкты уурдап кеткендер кармалды

13 октября 2017 14:38 919 Barometr
Поделиться в:
ok

Россияда мекендешин уурдап барып, 250 миң рубль талап кылган эки жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Ички иштер министрлигин Россиядагы атайын өкүлү Аскат Алиев билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-октябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине 22 жаштагы А.А. аттуу кыргыз жараны арыз менен кайрылып, ал Э.Д. аттуу жолдошун белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин жазган. Окуя 10-октябрда болуп, адам уурдаган балдар Э.Д. жакындарынан 250 миң рубль талап кылышкан.

“Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кыргызстандын 21-22 жаштагы эки жараны кармалган”,- деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу Э.Д.нын айтуусу боюнча 10-октябрь күнү кечки саат 18:00 чамасында кыргыз улутундагы 3 жигит өздөрүн кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тааныштырып, күч колдонуп унаага салып кетишкен. Жабырлануучуну токойго алып барышып, 250 миң рубль сурашкан. Андан соң жабырлануучунун жакындарына телефон чалдырышып, "акча которбосоңор өлүгүн аласыңар",- деп, 50 миң рубль эсеп карталарына котортуп алышкан.

Учурда кылмышка шектүү балдар кармалып, тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, сүрөттөгү кылмышка шектүү балдардан жабыркагандар болсо ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгүнө +7926 890-87-00 номери аркылуу чалып, кайрылсаңыздар болот.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7560



Добавить комментарий