Челябинскиде болгон жол кырсыгында Кыргызстандын сегиз жараны жабыркады
Поделиться в:
Кечээ, 10-октябрда Россиянын Челябински шаарындагы айланма жолдо жол кырсыгы катталды жана анын кесепетинен Кыргызстандын сегиз жараны жабыркады. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар кабарлашууда.
10-октябрда эртең менен "Западный обход Челябинска" трассасынын 27-чакырымында Honda микроавтобусу жүк унаасы менен сүзүшкөн.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, минивэнде кыргызстандыктар бара жаткан. Кырсык болгон жерге тез жардамдын 4 унаасы барып жабыркагандарды ооруканага жеткиришти.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Barometr.kgге бул жагдайды текшерүүгө аларын тастыктады.
Ссылка: https://barometr.kg/content7415
Добавить комментарий ×