Мадумаров Кочкор-Ата шаарында Жээнбековдун жолугушуусун үзгүлтүккө учуратууга аракет кылды

9 октября 2017 14:58 1387 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 8-октябрдан Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарчасында президенттике талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоочулар менен жолугушуу маалында президентикке дагы бир талапкер Адахан Мадумаров сценага чыгууга аракет кылды. Бул тууралуу Жээнбековдун басма сөз Толгонай Стамалиева билдиришти.   

Анын айтымында, Мадумаров жолгушууга алты адам келет.

“Достор, кутман кеч. Саясатчылардын кечекисин, бугункусун, эртенкисин эмес, шайлоо алдындагы бир окуяны маалымдап коеюн дедим. Биздин Талапкер Жээнбеков Сооронбай Шарипович бугун, 8-октябрда Майлы-Суу, андан сон Кочкор-Ата шаарларында алдын ала бекитилген иш графигине ылайык шайлоочулар менен жолугушууларды откормок. Алгач Майлы-Сууга, андан кийин Кочкор-Атага келген сон, жолугушуу болчу стадионго башка талапкер Адахан Мадумаров 5-6 коштоочусу менен келип калды. Сахнага чыгып, соз алууга аракет кылды :)) 1-2 минут казус болуп, Биздин Талапкердин жолугушуусу уланды. Стадион толо эл, туш тарапта Биздин Талапкерди колдогон баннерлер, чакырыктар, суроттор. Сооронбай Шарипович, анын тарапкерлери суйлошуп, сахнанын бир бурчунда А.Мадумаров да угуп турду. Сооронбай Шарипович аны жанына орун алууга да чакырды. Бир аздан сон, ал тарапкерлери менен стадиондон чыгып кетти. Биздин Талапкердин жолугушуусу адаттагыдай эле жылуу маанайда отуп, жыйынтыкталды. Эл топурап, узатышты, Сооронбай Шарипович менен суротко тушушту. Биздин Талапкер узап кетип бараткан учурда, А.Мадумаров стадиондун сыртында 20 чакты кишинин алдында жалындуу суйлоп жаткан. Эмне деп суйлогонун кийинчирек Фейсбуктан угуп, томонку суроттор, видео менен жон гана болушуп коеюн дедим. Бир гана кошумчам - элдин, мамлекеттин тагдыры учун жоопкерчилик алып жаткан саясатчы Кудай деп суйлоп жатканда, анча бийиктикти жон коюп, жер устундо эле калп айтпай, озунон башканын баарын, негизгиси элди келесоо корбосо”,-деп жазды Толгонай Стамалиева.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7334



Добавить комментарий