Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын президенти Дональд Трампка көңүл айтты

4 октября 2017 11:11 475 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев  Лас-Вегас шаарында музыкалык фестивалдын жүрүшүндө адамдарды аткылоонун жыйынтыгында көптөгөн жабырлануучулар болгондугуна байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трампка көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Лас-Вегас шаарында музыкалык фестивалдын жүрүшүндө адамдарды аткылоонун жыйынтыгында көп сандагы жабырлануучулар болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Кыргыз Республикасы  бейпил жана күнөөсүз жарандарга багытталган бул адамкерчиликсиз актты чечкиндүүлүк менен айыптайт.

Бул трагедиянын кесепетинен улам  каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду, ошондой эле  жабыр тарткандардын баары тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7102



Добавить комментарий