Сооронбай Жээнбеков: Туруктуулук жана ишеним!

4 октября 2017 10:05 569 www
Поделиться в:
ok

Соңку кыргыз тарыхы оомалуу-төкмөлүү окуяларга бай болду: бүлүндү, жакырланды, ар кимге жалдыраганга да барды. Элибиз аз жерден эртеңкисине ишенимин жоготуп коё жаздады. Кудайга шүгүр, соңку 5-6 жылдан бери Кыргызстанда туруктуулук өкүм сүрүүдө. Тынымсыз митингдер, пикеттер менен бийликти басып алуу аракеттери акырындап токтоду. Саясий туруктуулук артынан экономика жанданды. Элибиз бейкапар иштеп, жаңы бизнес-долбоорлорду түзүүгө, өз келечектерин пландоого мүмкүндүк алды. Эми туруктуулук ыкчам өнүгүүнү шартташы керек. Бирок, бул кыргызстандыктар туура тандоо жасаган учурда гана ишке ашат. Туруктуулуктун негизин азыркы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев түптөдү. Жашоо салты ушундай – саясий олимпке жеткен президент мамлекеттин бардык багытын, кыймылын аныктайт. Атамбаев өзүнүн өктөмдүгү жана саясий эрки менен өлкөнүн багытын авторитаризмден демократияны карай бурду.

 

КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШ БАСЫЛБАЙТ

Эң башкысы – бийликтин бардык эшелонунда коррупция менен элдешкис күрөш башталды. Коррупциянын кыргызча феномени ушул, мамлекеттик чиновниктер аны инвестициялык рынок катары баалай башташкан. Мамлекеттик кызматтарга чоң акча менен орношуу салт болуп, натыйжада берилген паранын ордун толтуруу башкы максатка айланган. Мындай система эгемен мезгилдин жыйырма жылында кынтыксыз иштеп турган.

    Ошондуктан, коом адегенде Атамбаевдин антикоррупциялык идеясына, ашынган депутаттарга, жарылайын деп калган мамчиновниктерге, ал турсун Атамбаевдин жакын айланасындагы адамдарга да каршы кылмыш иштери козголгондо ишенбей турган. Майда аткаминерден тарта чоң начальниктерге чейин коррупцияны гүлдөтүүгө шарт түзгөн мамлекеттик машинанын эски системасын кыйратуу башталды. Кызыкчылыктардын тирешүүсүнө ачыктык киргизген мамлекеттик кызмат жөнүндө бир катар мыйзамдар кабыл алынды.

    Натыйжада Атамбаев башкаруусунун үчүнчү жылында мамлекеттик кызматкерлер үчүн пара алуу пайдасыз, ал турсун кооптуу болуп калды. Бир эле учурда укук коргоо системасы менен күч органдарын чыңдоо жүрүп жатты. Жакынкы убакка чейин эле милиция кесиби коомчулукта адамдарга пайдасынан залакасы көп кызмат катары кабылданып келген. Азыр милиция кызматкерлери элге жакын болуп калды. Алардын психологиясы, коомдун аларга мамилеси өзгөрдү. Погончон адамдарды урматтоо пайда болду.

   Куралдуу күчтөрүнүн катарында да чоң тазалоолор жүрдү. Коррупцияга аралашкан жогорку даражалуу генералдар кызматтарынан ажырап, айрымдары абакка кесилишти.

Ошентип, мамлекеттик чиновниктердин, күч кызматкерлери менен укук коргоочулардын психологиясын өзгөртүү боюнча эбегейсиз иштер аткарылды. Азыр алар мамлекеттик кызматта иштеп жатып пара алып баюу уят, мыйзамга каршы жана кесепеттүү экендигин жакшы түшүнүшөт.

   Өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү үчүн, мамлекеттик чиновник өзүн кудай сезип, карапайым жарандар ага милдеттүү кошумча төлөгөн эски коррупциялык системага кайтып келбес үчүн азыркы президентибиз аныктаган багыт өзгөрүүсүз калышы шарт.

    Ошондуктан, Кыргызстан элинин кызыкчылыгы жана өлкөбүздун келечеги үчүн 2017-жылдын президенттик шайлоосунда реформаларга жаңы түрткү бере алуучу, ошондой эле азыркы президенттин туруктуу өнүгүү жолуна салган багытын улантуучу талапкер жеңишке жетишкени оң. Көрсөтүлүп жаткан талапкерлердин арасынан Сооронбай Жээнбеков гана өлкөбүз үчүн зарыл лидерлик, адамдык жана кесиптик сапаттарга ээ. Ал президенттикке талапкерлердин ичинен аймактарда иштеп тажрыйба топтогон жалгыз талапкер.

     Анын шайлоо алдындагы программасындагы негизги максаттардын бири коррупция менен күрөшүү болуп саналат. “Коррупция Кыргызстандын эң чоң көйгөйү бойдон калууда. Мен коррупция менен аёосуз күрөшөм, антпесек коррупция өлкөнү жок кылышы мүмкүн”, - деп айтты Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен жолугушууда.

    “Мен 1995-жылдан бери саясаттамын жана ким мамлекетке ак эмгек өтөп, ким залал келтиргендигин билемин. Коррупцияны жоём деп күпүлдөгөн өзү коррупционер айрым саясатчылар да бар. Бул күрөш башталгандан бери 7 миңден ашык кылмыш иши козголду, майда балыктар эле эмес, коррупциянын киттери темир торго түшүп жатат. Коррупцияга ким аралашса да, ээлеген кызматына жана даражасына карабастан жазаланышы керек. Уурунун орду түрмөдө. Менин максатым– мыйзам чегинде коррупция менен күрөштү күчөтүп, анын тамырын кыркуу”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

 

КОЛУ ДА, НИЕТИ ДА ТАЗА

   Жээнбековдун өмүр таржымалында маанилүү жагдай – ал бир дагы коррупциялык жаңжалга аралашкан эмес. Кыргызстан үчүн бул жомоктой сезилет, анткени кичинекей өлкөдө баары бири-бирин жакшы билишет. Эгер анын эмгек жолуна көз чаптырсак, Сооронбай Жээнбековду 1988-жылдан бери жетекчи кызматтарга дайындап келишет. Партком катчысы, совхоз директору жана колхоз башкармасы болуп иштеген. 1995-жылдан тарта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутаттыкка, 2000- жана 2005- жылдары эки ирет кайра шайланган. Айыл чарба министри, Ош облусунун губернатору кызматында беш жылдан ашык убакыт иштеген. Улуттар аралык жаңжалда жабыр тарткан Ош облусунда жана Ош шаарында тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүүгө катышып, жарандардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча башка көп маселелерди чечкен. 2015-жылдын аягында КР Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилигине дайындалды, андан соң Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлык кызматына которулган. 2016-жылдын апрелинде Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековду премьер-министр кызматына бекиткен.

   Ал бардык жерде таза, тунук жана эч тартип бузууларсыз иштеген. Эгерде коррупцияга, рейдерликке же кайсыл бир долбоорлордо финансылык кызыкчылыктарга тиешеси болсо, андай фактылар капкачан эле жалпыга маалымдоо каражаттарында пайда болмок.

    Жээнбековго мүнөздүү дагы бир өзгөчөлүгү - көздөгөн бир саясий багыттан четтебегендиги. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери КСДП партиясынын мүчөсү. Мындай берилгендик утурумдук пайда жана конъюнктура үчүн бир саясий лагерден экинчисине секирген кыргыз саясатчыларына мүнөздүү эмес. Бул сапаттар Сооронбай Шариповичтин ак ниеттүүлүгүн жана саясий жетиктигин далилдеп турат.

 

МАМЛЕКЕТЧИЛ БОЛУУ БААРЫНА БУЮРГАН ЭМЕС

    Жээнбеков - ырааттуу мамлекеттик ишмер. Ал өз иши менен мамлекеттин кызыкчылыгы жеке кызыкчылыктан жогору турарын далилдеген. Жээнбековдун эч убакта ири бизнеси болгон эмес, мамлекеттик кызматтардын тепкичтерин ырааты менен басып өткөн – ал өндүрүштүк жамааттын жетекчиси, Жогорку Кеңештин комитет төрагасы, облус губернатору, министр, премьер-министр... Жээнбеков бардык жерде мамлекеттин кызыкчылыгына кам көргөн, жеке кызыкчылыгын мамлекеттики менен аралаштырган эмес.

    Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келгенде Кыргызстандагы экономикалык кырдаал көңүл жубатаарлык эмес эле. Тынымсыз саясий оюндар менен алек болгондор чукул чараларды талап кылган экономиканы унутуп коюшкан. Бир жарым жылдан аз убакыттын ичинде Жээнбековдун өкмөтү кырдаалды түп тамырынан өзгөрттү. Маселен, 2016-жылдын апрелинде Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин кызматына жаңыдан киришкенде ИДП - 4,9%га, өнөр жай – 26%га төмөндөгөн. 2017-жылдын алты айында ИДП - 6,4%га, өнөр жай - 31,6%га жогорулады. Мындай көрсөткүчтөр бир дагы өкмөттө болгон эмес.

   Акыркысы. Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин күч-аракети менен учурда Кыргызстанда күчтүү парламентаризм кыртыш алып жатат. Демек, ар убак айыгышкан атаандаштык күрөш болот. Ошон үчүн пикирлердин ар түрдүүлүгү жана демократияны өнүктүрүү багытынын сакталганы өтө маанилүү. Кыргызстан кандай болгон күндө да авторитаризмге, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга, олигархтык азчылыктын бийлигине кайтып келбеши керек. Дал мына ушул пункт Жээнбековдун шайлоо алдындагы программасынын өзөгү болуп саналат.

    Кыргызстан кандай жол менен алдыга барат - ал биздин колубузда. Жаңылбоо гана керек.

 

 

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. 

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 04.10.2017 ж.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7094



Добавить комментарий