1-октябрдан тартып ипотекалык насыя боюнча 8 пайыздык төмөндөө болот

29 сентября 2017 12:32 842 Barometr
Поделиться в:
ok

2017-жылдын 1-октябрынан тартып мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча 8% төмөндөө болот. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүнкү ипотекалык кредит боюнча пайызды төмөндөтүү маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде кол койду.

Финансылык ресурстарды көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртуу болуп, Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири “Жаңы доорго-кырк кадам” программасы экендигин белгиледи.

Ушуга байланыштуу Өкмөт башчы тарабынан Өкмөттүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасы боюнча пайыздарды төмөндөтүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

“Жыйынтыктап айтканда биз азыркы 10%  көрсөткүчтү 8%  кыскарта алдык. Эми 2017-жылдын 1-октябрынан тартып мамлекеттик ипотекалык насыяны 8% төмөндөө менен алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”-деди Сапар Исаков

Өкмөт башчысы банк өнөктөштөрүнүн жетекчилерине ипотекалык насыя боюнча пайыздык чендердин төмөндөөсү менен байланышкан түшүндүрүү иштерин калк арасында кеңири жүргүзүлүшүн өтүнүч менен кайрылды.

ААК “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын” төрагасы Бактыбек Шамшыкеев Премьер министрдин суроосуна жооп берип жатып, азыркы учурдагы ипотекалык кредит алгандар үчүн пайыздык төмөндөөлөр каралаарын билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаков мындан ары Өкмөт “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын активдүү  колдоорун белгиледи.

«Биз кредит берүүнүн көлөмүн жана өлкөнүн жарандарынын баардык категорияларына берүүнү көбөйтүүнү пландап жатабыз”-деп баса белгиледи Сапар Исаков.

Андан тышкары Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигине Өкмөттүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” прогрпммасын мындан ары ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын көбөйтүү боюнча ыкчам тартипте иштеп чыгууну тапшырты.

Ошондой эле жарандардын көп сандагы кайрылууларына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган  ырастоочу документтерди  жөнөйкөйлөштүрүү максатында, 2017-жылдын 10-октябрь мөөнөтүнө чейин банк менен өнөктөш келишим түзүүдө, бир гана жолу үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү турак жайдын жоктугу тууралуу документтин механизмин жана  иштеп чыгуу тапшырылды

Ошону менен бирге насыя алууда жарандар менен электрондук иш кагаздардын жүргүзүлүшүнүн акырындап  киргизүү керектигин белгиледи.

Мамлекеттик ипотекалык кредиттин пайыздык ченинин төмөндөшү Кыргыз Республиксынын финансы министрлиги  тарабынан каралган “МИК” ААК жана банк өнөктөштөрүнун маржиларын азайтуу, бюджеттик ссудаларды төмөндөтүүнүн аркасында жеткиликтүү болду.

Ссылка: https://barometr.kg/content6908



Добавить комментарий