Канаданын Stans Energy Corp компаниясынын Кыргызстанга карата соту 2018-жылдын биринчи жарымында болот

28 сентября 2017 15:37 872 Barometr
Поделиться в:
ok

Париждеги эл аралык арбитраждык сот Канаданын Stans Energy Corp компаниясынын Кыргызстандын өкмөтүнө каршы доо арызын кароо мөөнөтүн аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Barometr.kgге өкмөттөн кабарлашты.   

 Ишти кароо 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгына пландалды. 

“Бүгүнкү күндө эки тарап тең арбитрлерди тандап алышты. Кыргызстан компаниянын доо арызын карап жатат”,-деп кабарлашты Barometr.kgге өкмөттөн.

 Белгилей кетсек, компания Кыргызстандын өкмөтүнөн 118 млн доллар доолап жатат. Ал Кутессай  жана Калейсай кендерине берилген лицензияны өкмөт жокко чыгарган деп даттанууда. Кыргызстан бул доо арызды негизсиз деп эсептейт.

​ Расмий түрдө "Куттуу-Сай-2" деп аталган кенде сейрек металлдар, висмут, молибден жана күмүш бар экени аныкталган. Кемин районунун жайгашкан кен сейрек кездешүүчү элементтердин оор тобундагы иттрий, ниобий, диспрозий, турбий жана европий элементтерине бай экенин да адистер белгилешет.

Канаданын "Stans Energy Corp" тоо кен компаниясы өз кезегинде Кыргызстанга "Stans Energy KG" жоопкерчилиги чектелген коомун түзүп, ага караштуу "Кутисай Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомун каттоодон өткөргөн. Ошол эле "Stans Energy KG" компаниясы 2009-жылы Чүй областынын Кемин районунда жайгашкан "Куттуу-Сай-2" жана "Калесай" кендерине геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө жана кенди иштетүүгө лицензия алган.

2013-жылы январь айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ""Кутесай майнинг" 2010-2011-жылдарда өзүнүн лицензияда көрсөтүлгөн милдетин аткарбаганына карабай, келишим мөөнөтүн узартып берген",- деп Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчилигине карата кылмыш ишин козгогон. Иш Бишкектин райондор аралык сотуна жөнөтүлүп 2014-жылдын 19-мартында сот лицензия берүү мөөнөтүн узартуу мыйзамсыз болгон деген чечим кабыл алган.

"Кутесай майнинг" компаниясы Башкы прокуратуранын койгон дооматын негизсиз деп таап, 2010-2011-жылдары компания белгиленген иштин көлөмүн форс-мажор жагдайынан улам, тагыраагы өлкөдөн ошол кездеги президент Курманбек Бакиев качып кетип, мамлекеттик органдар менен иштешүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан улам келип чыккан деп түшүндүргөн. Компаниянын ырасташынча, Мамлекеттик геология агенттиги эки жыл аралыгында баардык тоо кен компаниялары менен иш планын макулдашкан эмес жана отчетторун кабыл алган эмес.

Ушуну бетине кармаган компания Москвадагы соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык коммерциялык арбитраждык сотко кайрылып, кенди иштетүүгө берген лицензиянын мөөнөтүн негизсиз токтотуп салгандыгы үчүн кыргыз өкмөтүнөн 118,2 млн доллар талап кылган. Арбитраждык сот кыргыз өкмөтүнө каршы чечим кабыл алып, негизги коюлуп жаткан доомат үчүн Кыргызстан - 117 млн 740 миң доллар, арбитраждык төлөмүн компенсациясы үчүн - 158,974 мин доллар, соттук чыгымдар үчүн - 308,142 миң долларды компанияга төлөп берүүнү милдеттендирген.

2014-жылдын 19-сентябрында КМШнын Экономикалык соту Кыргызстандын позициясын колдоп "Стэнс Энержи Корп" компаниясынын дооматын жокко чыгарган.

Ошондон кийин компания Канаданын Онтарио сотуна кайрылып "Кыргызалтындын" акцияларын камакка алууга жетишкен.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6861



Добавить комментарий