Албек Ибраимов коомдук транспорттун баасын 12 сомго көтөрүүнү сунуштады. Читада ушундай сунуш үчүн 20 маршрутканы өрттөшкөн

28 сентября 2017 11:40 452 Barometr
Поделиться в:
ok

 Россиянын Чита шаарынын тургундары шаардык думанын депутаты жана ишкер Артем Меняйлодон өч алышты. Депутат ага таандык болгон маршруткалардын баасын 22 рублдан 25 рублга чейин кымбаттаткан. Бул тууралуу Chita.ru сайты кабарлады.

 26-сентябрда түн ичинде ага таандык 18 унааны өрттөп салышкан.

 “Читада машруттук таксилердин 19 рублден 22 рублге чейин кымбатташы 2016-жылдын апрель айында эле болгон.  Шаардагы ири жүргүнчү ташуучу каттамдын ээси болгон Артем Меняйло жергиликтүү бийликтерге бир канча ирет бааны жогорулатуу талабы менен кайрылган.

 Анын 2016-жылдагы кирешеси тууралуу декларциясына шаардыктардын ачуусу келип маршруткаларын өрттөп кетишкен. Болжол менен чыгым 22 миллион рублге бааланды.

“Өрт Заводская 1 дарегинде унаа токтоочу жайда болгон, ал жерде жумушчу күн аяктагандан кийин унаалар токтотулган. Өрттөлгөн аянт 150 чарчы метрди түздү”,-деп кабарлашты Россиянын ӨКМсынын Чита шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери басылмага.

 

Эскерте кетсек, кечээ 27-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов коомдук транспорттун баасын кымбаттатуу зарылдыгы тууралуу айткан болчу.

 Мэр троллейбустардын баасын 8 сомдон 12 сомго чейин жогорулатууну сунуштаган.

Бирок бул демилге социалдык түйүндөрдү колдонуучулардын нааразылыгын пайда кылды. Колдонуучулар мэрди ойлонууга,  бул сунуш Чита шаарындагы депутаттын демилгесиндей болуп калбоосуна чакырышууда.

 

 

 

 

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content6838



Добавить комментарий