Комитет жыйынына эки депутат келди, кворум болбой калды

25 сентября 2017 12:25 398 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынына анын тогуз мүчөсүнөн эки депутат гана келди. Анын кесепетинен жыйын кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн 25-сентябрда белгилүү болду.   

Жыйынга тогуз кишиден экөө гана келген, алар: “Өнүгүү–Прогресс” фракциясынан Мирлан Бакиров жана “Бир бол” фракциясынан Алмасбек Акматов. Ошентип депутаттар күн тартибине коюлган беш маселени карай алышкан жок.

 Белгилей кетсек, бул депутаттар эч себепсиз эле комитет жыйындары менен пленардык жыйынды үзгүлтүккө учураткан биринчи учур эмес.

Эскертчү жагдай, парламенттин ишке киришкенине болгону 20 жумушчу күн болду.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6684



Добавить комментарий