Айбек Баратов: Дзержинкада гитара ойноп жаткам, Сапар Исаков өтүп бара жатып мени менен учурашты

25 сентября 2017 10:12 584 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков блогер Айбек Баратовдун колун кысып учурушкан. Бул тууралуу социалдык түйүндөргө блогердин өзү маалымдады.   

Анын айтымында, ал Бишкектеги Дзержинский (Эркиндик) бульварында гитара ойноп жаткан, ага өкмөт башчы басып келип учурашкан.

 “Бүгүн Дзержинкада гитара ойноп жаттым эле карасам жанымдан Сапар Исаков өтүп бара жатыптыр, учурашып, колумду кысты. Майда нерсе бирок жагымдуу”,-деп жазды Баратов.

Бул пост колдонуучудардын кызуу талкуусун пайда кылды. Айрымдар блогер болгону жаңы өкмөт башчыны пиарлап жатат дешсе, айрымдары Сапар Исаков эл сыйлай турган ишти чыны менен жасады деп эсептешүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6675



Добавить комментарий