Мээрим Момунова Азия оюндарында үчүнчү алтынды утуп алды

23 сентября 2017 10:54 511 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык Мээрим Момунова Түркмөнстандын Ашхабад шаарында жеңүүчү болду. Бул тууралуу оюндун расмий сайты кабарлады.    

Момунова эркин стилдеги алыш күрөшү боюнча 60 кг салмакка чейинки кыздар арасында күрөшкөн.

 1/4 финалда ал түркмөнстандык Зухра Мадраимованы, жарым финалда казакстандык Улжан Дусейбаеваны жеңди.

 Финалдык кармашта түркмөнстандык Зарина Абдырахманова менен беттешип 3:0 эсебинде жеңип, алтын медалга татыктуу болду.

 Кыргызстандын курама командасы ушуну менен үчүнчү алтын медалды алды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6648



Добавить комментарий