Бишкектеги кафелердин биринде журналистти орусча билбегендиги үчүн айыпташты

22 сентября 2017 11:41 397 Barometr
Поделиться в:
ok

“INTER.KG” маалыматтык сайтынын жетекчиси, журналист Бакыт Молдалиев Бишкектин чок ортосунда жайгашкан ашканалардын биринен тамактанган. Акырында эсепти төлөйүн деген Молдалиевге аны тейлеген кыз орусча кайрылган. Журналист: “Кыргыз тилинде сүйлөңүз, орусча түшүнбөйм деген”. Официант кыз орусча билбегендер кошумча 10% төлөшү керектигин айтып, жеген тамагынын эсебинин үстүнө дагы 10% кошуп эсептеген. Бул тууралуу  Каганат kg булагы кабарлады.

Кыргызстанда жашап туруп өз мекенинде кыргыз тилинин кордолуп жатканын, анысы аз келгенсип орусча билбегендер 10% кошумча төлөнөт дегенди укканда нааразы болгон Бакыт Молдалиев журналисттерди чакырып, окуяны чагылдырып берүүнү өтүнгөн.

Журналист окуя болгон жерге барып видеотасмага тарта баштаганда баягы 10% деп ороңдогон кыз эмнегедир качып, ордуна башка бирөөнү жөнөткөнгө үлгүргөн.

Өзүн ушул ашканада иштейм деп тааныштырган кыз камера менен окуяны тарта баштаган журналистке “камераңды сындырып салам, тартпа, керек болсо үстүңдөн арыз жазам” деп коркутуп, телефон номерин дагы алып калган. Анысы аз келгенсип атасындай болгон кишини сенсиреп: “Сен кимсиң өзү. Жакшынакай акчаңды төлө дагы кетип кал”-деп күпүлдөгөн. 

Айтылган сумманы төлөп журналист менен сайттын ээси кеңсеге келген соң журналисттин номерине телефон чалуу болуп, ашканада иштеген официант кыздын байкесимин деп өзүн тааныштырган бейтааныш адам, анын дарегин сурап: “Сен өзү кимсиң, мен азыр сени менен барып сүйлөшөм”-деп ороңдогон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6600



Добавить комментарий